Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:23

Р.Отунбаева Франциянын Футбол федерациясынын президенти менен жолугушту


Президент Роза Отунбаева кечээ Франциянын Футбол федерациясынын президенти Фернан Дюшосуа менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Мамлекет башчысы спорт, анын ичинде футбол да элдердин ортосундагы мамилелерди бекемдей турган маанилүү фактор болуп санала тургандыгын белгиледи.

Президент Р.Отунбаева Фернан Дюшосуаны Кыргызстанга келип, жергиликтүү футбол клубдары менен таанышып, алар менен кызматташуу маселелерин, ошондой эле өлкөдө массалык футболду өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорду иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоого чакырды. Ф.Дюшосуа Франция бул жааттагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин айтты. (IJz)

XS
SM
MD
LG