Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Триполиде өкмөткө каршы демонстрация таркатылды


Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин бийликтен кетишин талап кылган жүздөгөн адам жума намазынан кийин баш калаа Триполиде жыйналышты. Күбөлөрдүн айтымында, коопсуздук күчтөрү демонстранттарга жаш агызчу газ чачышты. Жүрүштүн алдында президентчил күчтөр баш калаанын кире бериштерине текшерүү пункттарын орнотушкан. Өткөн аптада ушундай эле демонстрацияда элге ок атылган. Өкмөттүк аскерий учактар, кабарларга караганда, Ажабия жана Брега шаарларын бомбалоону улантышты.

XS
SM
MD
LG