Борбордук шайлоо комиссиясы 5-марттагы отурумунда «Ата-Журт» фракциясынан депутат Жусуп Иманалиевдин ордуна партиянын тизмесинде 37-кезекте турган Абдумиталип Кочкорбаевди депутат катары каттады. Бул тууралуу БШК мүчөсү Нурлан Шерипов «Азаттыкка» билдирди. Жусуп Иманалиев Эсеп палатасынын аудитору кызматына кетип жатканына байланыштуу берген арызынын негизинде депутаттык кызматын токтотту.
4-мартта БШК «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Азамат Кангелдиевдин ордуна Улугбек Кочкоровду да депутат катары каттаган болчу. (KKs)
4-мартта БШК «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Азамат Кангелдиевдин ордуна Улугбек Кочкоровду да депутат катары каттаган болчу. (KKs)