Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

АКШ элчиси мөөнөтү бүтүп жатканына байланыштуу билдирүү жасады


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфэллердин Кыргызстандагы элчилик мөөнөтү 8-март күнү бүтөт. Буга байланыштуу жасаган билдирүүсүндө элчи айым Кыргызстандагы үч жылдык элчилик мөөнөтүндө көп нерселер өзгөргөнүн, былтыр 7-апрелде кандуу бийлик алмашуу болуп, андан кийин июнь айында кандуу коога болуп өтсө да позитивдүү жылыштар бар экенин айтат. Ошол окуялар маалында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айткан элчи айым өлкөнүн жаңы баш мыйзамы жана Борбор Азиядагы эң таза шайлоосу менен кыргызстандыктар сыймыктанса болорун белгилейт.

Ошондой эле билдирүүдө АКШ элчилиги президент Роза Отунбаеваны “Каарман аял” сыйлыгына көрсөткөнү, ушул тапта АКШда жүргөн кыргыз президенти ушул сыйлыкка татыктуу экени жана Мамлекеттик департамент бул сыйлыкты ага берүүнү туура тапканы айтылат. (IJz)

XS
SM
MD
LG