Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Түркияда журналисттер камакка алынды


Түркияда 5 журналистке өкмөттү кулатууга каршы аракеттери үчүн айып тагылды. Жакында эле Түркиядагы бийликти кулатуу боюнча илимий иш жазган эки журналист түрмөгө камалды. Түрк бийликтери журналисттер "Эргенекон" уюму менен байланышта болгон деп айыптоодо. Аталган уюм Түркияда аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп күнөөлөнүп келет.

Соңку жылдары Түркияда өкмөттү кулатуу боюнча жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн деген негизде ондогон кишилер камалган. Укук коргоо уюмдары камакка алууларды мыйзам чегинен чыккан көрүнүш катары баалап, Түркияда демократиялык баалуулуктардын азайып бараткандыгына кабатырлануусун билдирет.

XS
SM
MD
LG