Зилзаланын күчү 7,3 баллды түзгөн. Жергиликтүү бийликтердин маалыматына караганда, курмандыктар жана талкалануулар жок. Бирок жер силкинүүсү чоң аймакта, анын ичинде борбор Токиодо да сезилген. Коопсуздук жүйөсүнөн улам тез жүрүүчү поезддердин иши бир аз убакытка токтотулган.