Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Ажылык зыяратты муфтиятка берүүчү мыйзам үчүнчү окууда жактырылды


Жогорку Кеңеш ажылык сапарды уюштуруу иштерин муфтиятка тапшыруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Мындай чечим бүгүн “Дин ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” деп аталган мыйзамга оңдоо киргизүү маселесин талкуулоодон кийин кабыл алынды. Натыйжада ажылык сапар мындан ары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан (муфтият) уюштурулуп, көзөмөлгө алынмакчы. Уюштуруу иштерине Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Транспорт министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети аралашмакчы. 2010-жылкы ажылык сапар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан уюштурулган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG