Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Далай Лама саясий лидерликтен кетет


Далай Лама тибеттиктердин сүргүндөгү өкмөтүнүн саясий лидерлигинен кетет. Мындай жарыяны бутпарастардын 75 жаштагы кечили Индиянын түндүгүндөгү Дарамсала шаарында 10-мартта жасады. Тибеттиктердин сүргүндөгү өкмөтү Дарамсалада жайгашкан. Далай Лама тибеттиктердин 1959-жылкы Кытайдын башкаруусуна каршы көтөрүлүшү басылгандан бери сүргүндө жашайт. Ага 1989-жылы Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. Далай Лама соңку жылдары Тибет Кытайдын курамындагы автономия болуусун жактап жүрөт. Кытай өкмөтү Далай Ламаны жикчил жана Тибеттеги анти-кытайлык чыгуулардын шыктандыруучусу деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG