Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:08

Ош: уурдалды деген өзбек келин үйүнө келди


Ош шаарынын тургуну Сухбатилло Исмаиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, анын кызы 1979-жылы төрөлгөн Наргиза Азизованы 6-мартта түшкө маал Кара-Суу районундагы базарга жүргөн кезинде беш белгисиз адам алып кетишкен. 9-мартта кечке жуук белгисиз адамдар Наргизаны Ош шаарындагы Ноокен көчөсүнө, келиндин тайакеси жашаган аймакка таштап кетишкен. Атасынын сөзү боюнча, кызы зордукталган эмес, бирок башы ооруп жатат. Натыйжада келиндин ата-энеси Кара-Суу ички иштер бөлүмүнө арыз тапшырып, уурдоону ири өлчөмдө акча талап кылууну каалаган топтор уюштурушу мүмкүн деген жүйөнү айтышууда

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Наргиза аттуу кыздын жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Арыздын негизинде иликтөө иши башталып, 9-март күнү иликтөө иштери жүрүп жатканда келиндин үйүнө кайтып келгени кабарланган. Тартип коргоо кызматкерлери суракка алууга барганда үй-бүлөсү көрсөтмө берүүдөн баш тарткан жана келиндин денесинде эч кандай жаракат жок экендигин айтышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG