Грузин бийликтери өлкө калкынын бештен бир бөлүгүнө азык-түлүк ваучерлерин таратууну кымбатчылыкта аларга жардам көрсөтүүнүн бир жолу катары көрүүдө. Өкмөт өкүлү Дэвид Дваладзенин айтымында, дээрлик бир миллион адамдын ар бирине 18 доллардан берилет. Грузияда да акыркы айларда азык-түлүк баасы эки эсеге көтөрүлгөн. Мурда өлкөнүн экономикасы глобалдык экономикадагы төмөндөөнүн кесепетин тарткан эле. Бул кырдаалды 2008-жылдын августундагы кыска согуштан кийин Орусия Грузияга каршы киргизген экономикалык санкциялар да курчутту.