Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Ош облусунда начар абалдагы мал базарлар жабылат


Бул тууралуу облустук мамлекеттик админиcтрациянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, аймактагы базарларда малдардын 60 пайызынын эч кандай ветеринардык уруксат кагазы жок. Мындан сырткары көпчүлүк мал базарлар санитардык эрежелерге туура келбейт. Облустагы айыл-кыштактарда мындай базарлар көбөйүп кеткенинен улам Ош облустук администрация аларды тескөө чечимин кабыл алды. (KKs)

XS
SM
MD
LG