Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Жапонияда Онагава АЭСинде радиоактивдүүлүктүн деңгээли төмөндөй баштады


Бул тууралуу Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик билдирди. Жекшембиде бийликтер коңшулаш Фукусима префектурасындагы станциядан радиоактивдүү калдыктар келиши мүмкүн деп, аймакта өзгөчө кырдаал жарыялашкан эле. Кечээ өлкөнүн премьер-министри Наото Кан элге телекайрылуусунда өткөн аптадагы оор зилзаланын жана андан кийинки цунаминин кесепетин “Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң оор алаамат” деп атады. Жапониядагы NHK телеканалы толук тактала элек маалымат катары кырсыктан өлгөндөрдүн саны 1,5 миңден ашат деп кабарлады.

XS
SM
MD
LG