Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:48

Йемендеги кагылыштан отуздай демонстрант жаракат алды


Кагылышуулар өлкөнүн чыгышында орун алган. Маалыматтарга караганда, Мариб деген провинцияда президент Али Абдулла Салехтин кызматтан кетишин талап кылып, губернатордун кеңсесин көздөй багыт алган демонстранттар ок атууга кабылышкан. Ал эми түндүк-чыгыштагы аль - Жауф провинциясында полиция демонстранттарга каршы чыныгы окторду колдонгон. Бул аралыкта борбор Сана шаарында бүгүн армиянын брондуу техникасы жергиликтүү университеттин айланасын курчоого алууга аракеттенди. Ал жерге бир нече аптадан бери президенттин кызматтан кетишин талап кылып жаткан бир нече миң адам жайгашып алган эле. Йемендин борборунда, кабарларга караганда, бүгүн бийликтер төрт чет элдик журналистти: эки америкалыкты, эки британды камакка алышкан.

XS
SM
MD
LG