Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:30

“Ата Журт” коалиция боюнча сунуштарын өкмөт башчыга жөнөттү


Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясы коалициялык келишим боюнча сунуштары камтылган катты премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракция лидери Камчыбек Ташиев билдирди. Катта кадр саясатын калыс жүргүзүү, кеңейтилген коалиция жана коалициянын кеңешин түзүү, стратегиялык маселелерди дал ошол кеңеш аркылуу чечүү сыяктуу сунуштар айтылган. Ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды жөнгөрүү үчүн орчундуу маселелерди чукул арада чечүү керектиги белгиленген.

11-мартта башкаруучу коалицияны түзгөн Жогорку Кеңештеги үч фракция чукул жыйынга чогулган болчу. Анда “Ата Журт” фракциясы бир катар талаптарды айтып, аны аткарууга өкмөткө 22-мартка чейин убакыт берген эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG