Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

Министрликтерде байкоочу кеңеш түзүүдө ачыктык талап кылынууда


Ушундай маанайдагы ачык кайрылууну бүгүн “Жарандык көзөмөлдөө комитети” таркатты. Кайрылуу президент Роза Отунбаевага жана премьер-министр Алмазбек Атамбаевге багытталган.

Анда мамлекеттик органдар байкоочу кеңеш түзүү тууралуу маалыматтарды өз убагындай бербей атышканы, байкоочу кеңешке талапкерлерди тандоо механизмдеринин ачык эместиги айтылат.

Буга байланыштуу комитет мамлекеттик органдарга байкоочу кеңешти тандоодо ачыктыкты камыз кылып берүүнү, бул боюнча маалыматтарды өз убагында маалымат каражаттарына жарыялап турууну, тандоо мөөнөтүн узартууну жана талап кылынчу документтерди ачык жазууну өтүнөт. Бул тууралуу “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” уюму билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG