Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Бакы Тоолуу Карабахка учак өткөрбөйт


Эгерде Тоолуу Карабахтын жикчил бийлиги жергиликтүү аэропортту ачып, регион борбору Степанкертке учактар каттачу болсо, Азербайжан аларды атып түшүрөт. Мындай эскертүүнү Азербайжандын аба жолдор агенттиги жасады. Азери агенттиги 16-мартта Эл аралык граждандык авиация уюмуна билдиргенге караганда, Тоолуу Карабахтын аба мейкиндиги жабык болгондуктан, ал жакка каттачу учактар Бакыдан уруксат алууга тийиш. Талаштуу Тоолуу Карабахтын жетекчилиги май айынан тарта Степанкерт- Ереван ортосунда коммерциялык рейстерди учурууну пландап жатат.

Тоолуу Карабах 1990-жылдардын башында өзүн Азербайжандан күнкорсуз деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG