Соңку соттук териштирүүдө судья Акмат Бакиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды канааттандырган эмес. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы өткөн жылы 22-июнда кармалган. Ага "массалык башаламандыктарды уюштурган", "куралдуу топторду түзгөн", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн" деген сыяктуу айыптар тагылууда. Акмат Бакиев озүнө коюлган күнөөлөрдү мойнуна албай келет. (EBM)