Бишкектеги “Аккула” ат майданында Кыргызстандын түндүк аймактарынан келген командалар арасында көк бөрү мелдеши жүрүп жатат. Ага Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустары жана Бишкек шаарынан 7 команда катышууда. Түндүк аймагы боюнча өтүп жаткан көк бөрү биринчилиги 18-мартта башталып, 21-мартка чейин созулат. Буга чейин Нооруз майрамын утурлаган көк бөрү мелдештери 12-13-мартта Ош шаарында да өткөрүлгөн болчу. (KKs)