Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

20-мартта жаан-чачын күтүлбөйт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 20-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасында 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз 1…6 градус болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градус жылуу болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз 0…5 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -5…-7 градус суук, күндүз 4…6 градус жылуу болот.

20-мартта жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек–Ош (121-137, 198-265 км.), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100 км), Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90, 145-150 км.) жана Каракол-Эңилчек (45-90 км.) жолдорунда кар көчкүсү күтүлөт.

Айрым жерлерде кар күрткүсү түшүп, жолдор тайгак болот. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунуш кылынат. (KKs)

XS
SM
MD
LG