Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

Ливияга абадан жана деңизден чабуул жасалууда


Америкалык, европалык аскер күчтөрү Ливияга абадан жана деңизден чабуул жасашты. Француз жана британ учактары Ливиянын абадан коргонуу структураларын бомбалашты. Пентагон америкалык жана британ кемелеринен 110 Томагавк канаттуу ракеталары 20 бутага атылганын бышыктады. Союздаштар Ливиянын аба мейкиндегиндеги учууга тыюу салынган тилке боюнча Бириккен Улуттар уюмунун көрсөтмөсүнүн негизинде иш алып барышууда. Каддафинин бийлиги кечээ (19-мартта) кечинде башталган чабуулда 50гө чукул адам каза таап, 150сү жарадар экендигин билдирүүдө. Ливиянын мамлекеттик сыналгысынан сүйлөгөн сөзүндө полковник Каддафи өлкөнү «оторчул (колониалдык) агрессиядан» коргойм» деп сөз берди. Ал ошондой эле элге курал таркатылаарын эскертти.

XS
SM
MD
LG