Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Отунбаева Ноорузду Ошто тосуп жатат


"Азаттыктын" аймактык кабарчысынын маалымдашынча, президент Роза Отунбаева оболу Кара-Суу шаарында эл менен жолугушуп, Нооруз майрамынын урматына уюштурулган салтанатка катышууда. Салтанатта президент Ноорузду жаңылануунун, жарашуунун майрамы деп атады, элди саясаттагы ар кандай ушак-айыңдарга, чагымчылыкка алдырбоого чакырды. Чогулган элди аймакта президент менен чогуу иш сапарда жүргөн Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков да куттуктады. Президент салтанаттан соң райондогу айрым социалдык объектердин абалы менен таанышканы жатат. Отунбаеванын Ош менен Жалал-Абаддагы сапары бир жумага уланмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG