Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында 23-мартта кыргыз-орус өкмөттөрүнүн экономикалык жыйыны өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Маалымат саясаты бөлүмү билдирет.
“Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын аймактар аралык кызматташтыгын кеңейтүү – экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн фактору катары” деп аталган жыйынга кыргыз тараптан премьер-министр Алмазбек Атамбаев, президенттин аппаратынын башчысы Эмил Каптагаев, орус тараптан айрым министрликтердин жетекчилери, губернаторлор катышат.