Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

“Максимизм”


Орус тилдүү “Дело № …” жумалыгы Максим Бакиев түзгөн кылмыштуу топтун соту башталганын баяндаган макаласын жарыялады.

Гезит 7-апрелдеги кандуу окуяда набыт болгондорго байланыштуу сот иши бүгүн улантылышы мүмкүндүгүн, анткени 18-мартта башталган сот жүрүшүндө өлгөндөрдүн жакындары айыпталуучуларды дагы качып кетпес үчүн камай туруш керектигин суранганын, бирок судья Оңолбеков алардын бул талабын аткаруудан баш тартканын, ошондо нааразы болгон тарап соттолуп жаткандардын дарегине ар кандай коркуткан сөздөрдү айтып, залдан чыгып кетишкенин, 23үндө сотко келбей, Ала-Тоо аянтына митингге чыга тургандыктарын билдиришкенин кабарлады.

“Дело №…” басылмасынын бул санына Мамлекеттик финансы чалгындоо кызматынын төрайымы Гүлмира Шакированын маеги басылды.

Гүлмира айым “Кыргызтелеком” сатууга коюлганда тендерге төрт компания катышып, алгачкы взносторун төлөгөнүн, бирок финчалгын кызматы текшере келгенде ал акчаларды кылмыш иши козголгон Максим Бакиевдин кишилери төлөгөнү аныкталганын, анан ал иш Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгенин мисалга тарткан.

- Сиз жетекчилик кылган кызматка кысым көрсөтүп жаткандар барбы?-деген суроого Г. Шакирова:

- Өткөндө парламенттеги аты-жыты белгилүү эле депутаттардын бири “Финчалгындоо кызматынын эмне кереги бар? Аны жоюп салса деле болот” деп жатпайбы. Мындай кызматтын жабылышын биринчи иретте бизнесмен-саясатчылар колдошууда. Анткени алардын “айла-амал” менен жасалчу иштерине биз тоскоол болобуз, Кыргызстандын финансы тармагынын аман-соо сакталышына биз көз салабыз. Эгер кимде-ким бизнемен болсо, мыйзам талап кылган салыгын төлөп коюп иштей берсин, ага эч ким эч нерсе деп айтпайт. Биз финансылык кылмыш жасагандарга, кылмыш жолу менен акча жасагысы келгендерге каршы күрөшүүчү уюмбуз,-деп жооп берди.

Ушул эле санга “Кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн Максим Бакиевди соттой баштады” деген макала жарык көрдү.

Эл арасында “экс-президенттин уулу эл аралык финансы мафиясынан турган топ түзүп алып, Кыргызстанды “акча жуугуч” машинага айландырып алды” деген сөз айтылып келген. Чын эле ушундай болду беле?” деп жазып, сот ушул суроолорго жандырмак издеп жатканын кабарлады.

…Кылмышкерлердин саны 32ге жеткен. Эң эле башында Максим Бакиев өзү турат. Андан кийин “АзияуниверсалБанктын” деректирлер кеңешинин төрагасы, Орусиянын жараны Михаил Надел, “Манас Банктын” жападан жалгыз акционери, латвиялык ишкер Валерий Белоконь, Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаев, Бакиевдин убагында далай кызматты кучактап келген Алексей Елисеев, АКШнын жараны Евгений Гуревич, орусиялык Евгений Вербицкий, кыргызстандык Сергей Костырин, Сергей Ким жана башка толгон-токой адамдар…

Кыскартып айтканда, Максим Бакиевдин бул тобу өзү түзүлгөн 5 жылдын ичинде 10 миллиарддан ашуун сомду сол чөнтөгүнө солоп келген. Евгений Гуревич менен Роберт Генкин аттуу эки америкалык Максимдин калкалоосу менен Улуттук Банктын төрагасы Марат Алапаевдин көмөгүнө таянып, кыргыз элинин ырыскысы болгон 1 миллион долларды уурдап чыгышкан.

“Дело №…” гезити ошентип Максим Бакиев түзгөн мафиялык топтун тизмесин андан ары улантып отуруп, “Кыргызпатенттин” мурдагы деректирлеринин бири Улан Мелисбек дегенге келип токтойт. Бул жаш жигит Бакиевдер бийликте турганда интернет аркылуу дүйнөгө мактап, алтургай уулдуу болгондо анын атын, кошомат үчүн Максим деп койгонун, анан ал уулунун ысымын бекемдеш үчүн жана кожоюнуна берилгендигин далилдеш үчүн Кыргызстандын “КG” алкагына же жалпы интернетттин үстүнөн жападан жалгыз Максим Бакиевдин тобу гана үстөмдүк кыла тургандай шартты түзүп бергендигин баяндады.

Канткен күндө да Максимдин соту узакка созула турган болуп калды. Анткени күнөөлөнүп жаткандардын бири да азыр Кыргызстанда жок. Адаттагыдай аларды да сыртынан соттоп, сыртынан түрмөгө “отургузушат”.

Аталган жумалык ошондой эле “Интернет – Барак, Интернет – Роза” деген макала басып, анда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын интернет-сайты, АКШнын президенти Барак Обоманын интернет-сайтына опокшош болуп калганына токтолуп, аны жасалгалагандар кыргыз президентинин сайтына улуттук колорит берип, бир аз башкачараак жасаса болмок экен деп сын айтты.

Кыргызстандын баңги заттарына каршы күрөшүүчү кызматына Орусия миллион доллар бермекчи болгонун, бул каражат атайын жабдууларды сатып алганга жана адистерди даярдоого жумшала тургандыгын маалымдаган кабар таратты. Орусиялык эксперттин айтымында, Ооганстанда апийим өндүрүү иши жана анын бир бөлүгүн Кыргызстандын аймагы аркылуу Орусияга жеткирүү амалдары токтомок тургай күч алууда. Баңги жолдордун “туруктуулугу” ар дайым бийлик менен мамлекеттин алсызданышына алып келүү менен уюшкан кылмыштуулуктун өсүшүн шарттайт. Ташылып өтүүчү баңгизаттын көлөмү ушу тапта 20 млрд. доллар менен өлчөнөт деп айтып жүрүшөт. Демек мындай опсуз көлөмдөгү акча менен бүтүндөй Борбор Азияга чаң-тополоң салып жиберүүгө болот. Ошондуктан Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен максаты аталган аймакты чаң-будуң түшүргөнгө жол бербөө деп айталат айтылган макалада.

Гезит дагы кабарды жарыялады. Жакында Ооганстандын атайын кызматы 7 террорчуну кармаган, анын төртөө Өзбек Ислам Кыймылынын мүчөлөрү болсо, бири Кыргызстандын жараны болуп чыккан.

Колго түшүрүлгөндөр өзүлөрүн жүзүм менен соода кылып жүргөн бейкүнөө соодагерлербиз деп көз жазгырууга аракет кылышкан. Алар Мазари Шарифке чейин жетип алып, террорчуларга кошулуп кеткен. Кыргызстандык киши мина жардырууга адистешкен болуп чыкты. Ал Ооган жерине Иран аркылуу өткөндүгүн айтып берген, бирок анын улуту ким экендиги айтылбайт.

“Жер титирөөдөн кийин Жапониядагы жашоо эми мурдагыдай болбойт. Күнчыгыш өлкөсүндөгү кайгы-муң - тиришумдук кыйроо болду. Мындан жапондор гана жабыр тартпайт” деген аталыш менен Кыргыз Улуттук илимдер Академиясынын сейсмология Институтунун деректири Канатбек Абдырахматовдун маеги тартууланды.

18-мартта Кыргызстанда жер титиреп, борбору Кант шаарынын түндүгүндө 5-6 баллга, Бишкекте 4 баллга жеткен.
XS
SM
MD
LG