Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Сирия бийлиги чукул кырдаал режимин алып салууну карайт


Сириянын өкмөтү саясий реформаларды жүргүзүүгө макул болду.
Атап айтканда, бийлик 1963-жылы киргизилген чукул кырдаал режимин жоюуну караштырууда. Ошондой эле сириялыктардын жашоо стандарттарын жакшыртуу үчүн атайын комитет түзүлмөкчү. Президент Башар Ассаддын кеңешчиси Бутхайна Шаабан маалымдаганына караганда, ошол эле комитет чукул кырдаалдар мыйзамын алып салуу жолдорун анализдеп чыгат. Шаабандын айтымында, өкмөт саясий партияларга уруксат берүү маселесин да талкуулайт. Бул жарыядан көп өтпөй мамлекеттик маалымат каражаттары "соңку окуялар" боюнча кармалган активисттердин койо берилиши жөнүндө кабарлашты. Бир аптадан бери түштүктөгү Дераа шаарында нааразылык акциялары өтүүдө. Укук коргоочулар 23-мартта эле тартип коргоочулар менен демонстранттардын кагылышууларында 100гө чукул киши окко учканын билдиришүүдө. Президенттин кеңешчиси демонстранттардын талаптары адилеттүү деп, кан төгүүлөр үчүн "куралчан бандиттерди" айыптады.

Президент Ассаддын БААС партиясы Сирияны 1963-жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG