Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

Чехияда радикалчыл дагестандык уюмдун мүчөлөрү кармалды


Чехияда Түндүк Кавказда террорчулук кылууга көмөктөштү деп шектелген топтун мүчөлөрү колго түштү. Чех полициясынын 3-майда маалымдашынча, кармалган тогуз эркек жана бир аял Дагестанда жайгашкан радикалчыл “Жамаат шарият” уюмунун мүчөлөрү. Кармалгандар өз базасын Берлинден Прагага көчүрүп келишкен экен. Алар жалган документ жасады, Түндүк Кавказга курал жана жардыргыч заттарды жөнөтүүнү уюштурган деп күнөөлөнүүдө. Террорчу деп шектелгендердин жетөө Чехияда жана экөө Германияда кармалган.

Чех полициясы өлкө ортолугунда жашаган 31 жаштагы чечендин үйүнөн курал-жарак тапканын да кабарлады.

XS
SM
MD
LG