Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Ошто коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Июнь коогалаңынын бир жылдыгына байланыштуу Ошто коопсуздук чараларын күчөтүү тууралуу токтомго Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов кол койгонун мэриянын басма сөз катчысы Гүлжан Ажыматова “Азаттыкка” тастыктады.

Токтомго ылайык, коопсуздукту, коомдук тартипти камсыз кылуу, террордук актылардын болуп кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош шаарындагы өзгөчө мааниге ээ болгон объекттерди, консулдуктарды, башка мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүн коргоо күчөтүлдү. Мындан сырткары эл көп жүргөн базар, бекеттер, соода борборлорунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Бул токтом 2-майдан тарта күчүнө кирди.

Күчөтүлгөн режимде Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана дарыгерлер иштеп жатат. Мектеп, бала бакча, окуу жайларда жана алардын жатаканаларында күзөт уюштурулду.

2010-жылы июнь айындагы улут аралык жаңжалда 470 адам набыт болуп, эки миңден ашуун адам ар түрдүү жараат алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG