Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


6-8 май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүп, кыян капташы мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлөт.

9-10-май күндөрү Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Ысык-Көл менен Нарындын дыйканчылык аймактарында, Чүйдүн тоо этектеринде, Алай, Базар-Коргон, Аксы жана Лейлек райондорунун айрым жерлеринде абанын температурасы -2 градуска түшүп үшүк жүрөт. Мындай үшүк жаңы өнгөн мөмө-чөмөлүү өсүмдүктөргө, жашылча-жемишке зыян алып келиши мүмкүн.

8-майда Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Шамал түндүк-батыштан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 4…19, күндүз 14…19 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20 градус жылуу. Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18 градус жылуу.

Бишкекте 8-майда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6... 8, күндүз 16... 18 градус жылуу болот. (EK)

XS
SM
MD
LG