Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Бишкекте коогалаңда жабыркагандар митингге чыкты


2010-жылы июнь коогалаңында набыт болгон жана дайынсыз жоголгондордун жакындары Ак үй алдына митингге чыгышты. 30-40ка жакын адам түштүктөгү коогалаңды иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусу бир тараптуу болгонун айтышып, негизги айыптуулар көрсөтүлбөй калганына нааразылыгын билдиришүүдө. Ошондой эле бийликтен коогалаңды уюштурган башкы айыпкерлерди таап, жоопко тартууну талап кылышууда.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссия ишинин корутундусун 3-майда Бишкекте жарыялаган. Комиссия төрагасы Киммо Килюнен июнь коогалаңы аскердик кылмыш же геноцид эмес деп билдирген. Бирок айрым жагдайларды адамга кыянатчылык кылуу деп баалоого болорун айткан. Кыргыз бийлиги комиссия берген сунуштарды ишке ашыруучу топ түзүлөрүн айтып, бирок корутундудагы айрым жерлерине каршы пикирлерин айткан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG