Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

Ошто инвестиция тартуу боюнча аймактык форум башталды


Ош облусунда быйылкы жыл "Инвестиция тартуу жана өндүрүштү өнүктүрүү жылы" деп жарыяланган. Буга байланыштуу Ош мамлекеттик университетинде Орусия, Казакстан, Тажикстан, Иран, Кытай, Түштүк Корея жана дагы он беш чакты өлкөнүн элчилери катышкан инвестициялык форум башталды.

Ушул тапта форумдун катышчуулары Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынан, Ош шаарынан келген ишкерлер өндүргөн товар-продукциялары менен таанышып жатышат.

Иш-чаранын соңунда Кыргызстандагы айрым аймактар менен донор мамлекеттердин ортосундагы бир катар келишимдерге кол коюлаары күтүлүүдө.

Аталган форум Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Германиянын коомдук-техникалык кызматташтык программасы тарабынан каржыланууда. (АТо)

XS
SM
MD
LG