Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Иран президенти Аятоллага сөз тийгизген жок


Иран президенти Махмуд Ахмединежад аны менен өлкөнүн руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейи ортосунда келишпестик бар деген кеп-сөздөрдү өкмөттүк телеканалга 15-майда берген интервьюда четке какты. Ахмадинежад интервьюда Али Хаменейини ал үчүн “ата сыңары” адам экенин айтты.

Жакында президент чалгындоо кызматынын башчысы Гейдар Муслехини кызматтан алганда, Хаменейи жардыкты бекитпей, аны ордунда калтырып койгон. 1979-жылкы Ислам ынкылабынан кийинки конституцияга ылайык, бардык мамлекеттик иштер боюнча чечүүчү сөздү руханий көсөм - Аятолла айтат.

XS
SM
MD
LG