Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Бишкекте интернеттеги акыркы багыттар боюнча маалымат берилет


Бүгүн кечке жуук Бишкектеги “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун алдында интернетке кызыккандар үчүн ачык асман алдында акысыз тренинг өтөт. Бул тууралуу иш чараны уюштуруп жаткан Бишкектеги IREX программасынын өкүлү Тынчтыкбек Жанадылов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, тренинге баш калаадагы бардык каалоочулар катышып, интернеттеги акыркы багыттар боюнча маалымат ала алышат. Катышуучуларга кыргыз тилиндеги Уикипедиянын казынасын байытуу, социалдык тармактарды колдонуу багытында сабактар өтөт. Ноутбук, смартфондору бар жарандар акысыз түрдө өткөргүчсүз интернет колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. (KKs)

XS
SM
MD
LG