Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

НАТОнун чабуулуна каршы нааразылык учурунда 10 адам каза тапты


НАТО Ооганстандын түндүгүндө алтүндө жасаган рейд учурунда төрт адам: эки эркек жана эки аял набыт болгон эле. Жергиликтүү элдин жана полициянын ырастоосунда, каза тапкандардын баары жөн-жай тургундар. НАТО болсо алардын баары талиптик жоочулар экендигин билдирүүдө.

Чабуулдан көп өтпөй эле төрт адамдын сөөгүн көтөргөн 1500дөй киши бүгүн Тахар вилайетинин борбору Талукан шаарына чогулду. Демонстранттар коопсуздук күчтөрү менен кагылышып, НАТОнун жергиликтүү бекетин таш бараңга алышкан. Бүгүнкү кагылышуу маалында бери дегенде он киши мерт тапканы айтылууда.
Жөн-жай тургундар арасындагы жоготуу - ооган президенти Хамид Карзай менен анын батыштык колдоочулары ортосундагы ажырымдын негизги булагы. Бул көрүнүш ошондой эле жоочуларга каршы күрөшкө элден колдоо алуу ишин да кыйындатууда.

XS
SM
MD
LG