Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Евробиримдик да Сирияга кысымды күчөтөт


Европа Биримдиги да Сирияга, анын ичинде президент Ассадга каршы санкцияны келерки жумада кеңейтмек болууда. Бул жөнүндө дипломаттык булактарга шилтеп, Батыш маалымат булактары кабарлашты. Швецария сириялык 13 ырасмий адамдын өлкөгө кирүүсүнө тыйуу салып, алардын Швецариянын банктарындагы акчаларын - Евробиримдиктин өткөн жумадагы чечимине жараша камакка аларын билдирди. Бул тизмеде Башар Ассад жок.

Бирок Россия президенти Дмитрий Медведев 18-майдагы сөзүндө президент Ассадга убада кылган реформасын аткарууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырып, Сирияга каршы тышкы интервенцияга каршы экенин айтты. Шаршемби күнү Ассад өзү Сириянын коопсуздук күчтөрү анти-өкмөттүк демонстрацияларды басуу учурунда жаңылыштык кетиргенин мойнуна алды.

XS
SM
MD
LG