Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Кыргызстан Жарандык коргонуу уюмуна кирүүгө ниеттенип жатат


Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев маалымат жыйынында билдирди. Министр Кыргызстан 15 жылдан бери Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмуна байкоочу болуп келгенин, бирок уюм быйыл өлкөнү толук кандуу мүчө катары кабыл алганга ниеттенип жатканын айтты.

Уюмга мүчө болуу үчүн атайын төлөм 60 миң долларды түзөт, бирок Кыргызстан ага 21 миң гана төгүп турса болот. Бул тууралуу Женевада өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев менен Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмдун баш катчысы Касидас Рогонокор 13-майда макулдашкан. Өзгөчө кырдаалдар министри Кыргызстанга ЖКУ быйыл 3 млн. доллар эсебинде жардам бергенин белгилейт. Уюмга дүйнөнүн 50 өлкөсү мүчө катары катталган.

Кыргызстандын Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмуна мүчө катары кирүү маселеси боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин талкуусуна жакынкы күндөрү коюлат. (EK)

XS
SM
MD
LG