Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Беларуста дагы эки оппозициячы кесилди


Бүгүн Минскиде 19-декабрдагы нааразылык акциясына катышкан кезектеги оппозиция өкүлдөрүнө өкүм чыкты. Фрунзе райондук соту президенттикке талапкерлер Владимир Некляев менен Виталий Рымашевскийди эки жылдан шарттуу кести. Аларга "коомдук тартипти одоно бузган аракеттерди уюштурушту" деген айып тагылды. Өткөн аптада президент Александр Лукашенконун башкы атаандашы саналган Андрей Санников күчөтүлгөн тартипте беш жылга кесилген.

Бүгүн чыккан өкүмдү кошкондо былтыркы 19-декабрда өткөн президенттик шайлоо учурунда болгон нааразылык акциясына байланыштуу оппозициянын 34 тарапкери сот жообуна тартылышты.

XS
SM
MD
LG