Ирактын борбор шаары Багдаддын айланасындагы аймакта бүгүн бир нече бомба жарылды. Акыркы санактарга ылайык, 13төн кем эмес киши каза болуп, ондогону жараат алды. Тажи шаарчасында жанкечтинин жардыруусунан 7 киши мерт кетти. Баш калаа менен байланыштырган кан жолго коюлган бир нече бомба аз дегенде 6 кишинин өмүрүн кыйды. Кол салуулар үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бейшемби күнү Киркук шаарында кандуу калабада 27 бейкүнөө киши өлгөн.