Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

АКШ Пакистан аймагында бир тараптуу аскерий операцияга кайрадан бара алат


Бул туралуу президент Барак Обама Би-Би-Сидеги интервьюсунда айтты. Ал кабарчынын “ал-Каиаданын” дагы бир лидери же Талибандын жолбашчысы молдо Омор Пакистанда жүргөнү билинсе, АКШ кандай кадамга барат”, - деген суроосуна жооп берип жатып белгилегендей, Пакистан аймагында согушкерлердин дагы бир көрүнүктүү лидери жашырынып жатканы аныкталса, ал атайын кызматтардын операция өткөрүүсүнө уруксат берүүгө даяр:

- Кошмо Штаттардын коопсуздугу биздин иш. Биз Пакистандын суверенитетин терең урматтайбыз. Бирок кимдер бирөөлөр биздин жарандарга, же биздин өнөктөштөргө каршы кылмыштарды ойлонуусуна жана бул пландарын ишке ашыруусуна жол бере албайбыз.

Ушул айдын башында АКШ Пакистандын Абботтабад деген жеринде “ал-Каида” лидери Усама бин Ладенди жок кылган эле. Операциянын Пакистанга күн мурунтан кабар берилбестен туруп бир тараптан өткөрүлүшү расмий Исламабаддын нааразылыгын жараткан.

XS
SM
MD
LG