Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Йемен президенти кызматтан кетүүсүн караган келишимге кол коюдан баш тартты


Йеменди 33 жылга жакын башкарган Али Абдулла Салех АКШ жана Перси булуңундагы араб өлкөлөрү колдогон келишимге кол коюдан акыркы мүнөттө баш тарткан. Мамлекеттик теленин кабарлаганына караганда, ал документке оппозиция лидерлеринин катышуусуна гана кол койорун билдирген.

Оппозиция өз тарабынан келишимди ишемби күнү бекиткен. Ага ылайык, президент кызматынан отуз күн аралыгында чегинүүсү керек жана мунун ордуна соттук куугунтуктан иммунитет алат. Ушуну менен президент Салех келишимге кол коюдан үчүнчү ирет баш тартты.

Йеменде быйыл февралдан бери президенттин кызматтан кетишин талап кылып жаткандардын нааразылык акциясы учурунда 170дей адамдын өмүрү кыйылган. Президент Салех келишимге кол коюдан баш тарткан соң Перси булуңунунун кызматташтык кеңеши уюму кризисти жөнгөрүү боюнча ортомчулук иштерин токтотуп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG