Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Санпа окуясы боюнча иш Жогорку Cотко келди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, азырынча сот жараяны башталчу күн белгилене элек. Санпа окуясы боюнча 19 адам камакка алынган. Алар июнь айындагы массалык тополоңго, адам өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, райондук жана облустук сот он сегизин өмүр бою эркинен ажыратып, бирөөнү 25 жылга кескен. Былтыр 12-13-июнь күндөрү Бишкек-Ош жолунун боюнда, Сузактагы Санпа пахта иштетүүчү заводдун жанында миңге чукул адам чогулуп, жолдо өткөн унаачан адамдарга куралчан кол салышкан. Тополоңдо 16 адам өлтүрүлүп, эки киши дайынсыз жоголгон, 9 унаа өрттөлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG