Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

АКШ президенти иш сапары менен Британияга келди


Европа боюна сапарда жүргөн Барак Обама Лондонго Ирландия борбору Дублинден мурда мерчемделген убакыттан бир күндөй эрте келди. Буга Исландияда атылып жаткан жанар тоонун булуту Британиянын аба мейкиндигине жетсе аба каттамына тоскоолдук кылабы деген кооптонуулар себеп болду.

Ал эми кечээ Дублинде сүйлөгөн учурунда Барак Обама АКШ менен Ирландиянын алакалары бузулбастыгына токтолду. Ирландиядагы сапарынын алкагында ал Монигалл деген шаарчага да барды. Ал жерден 1850-жылы Обаманын чоң таятасы АКШга эмиграцияга кеткен экен.

Европадагы бул жолку сапары учурунда Барак Обама Чоң Сегиздин Франциядагы саммитине катышат, андан кийин Польшага да барат.

XS
SM
MD
LG