Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Йеменде уруш күчөдү


Уруш өкмөттүк күчтөр менен президент Али Абдулла Салехти кулатууну көздөгөн козголоңчулар ортосунда жүрүүдө. Борбор Санада бүгүн эртең менен катуу жарылуулар болду.

Азыркы уруштар башталган дүйшөмбүдөн бери 40тан ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Садик ал-Ахмар ысымдуу таасирлүү уруш башчыга жан тарткан күчтөр өкмөттүк имараттарды, анын ичинде Ички иштер министрлигинин кеңсесин ээлөөгө аракеттенүүдө.

АКШ Йемендеги элчилигинен анча маанилүү эмес кызматтарда иштеген дипломаттарды жана дипломаттардын үй-бүлө мүчөлөрүн өлкөдөн кетүүгө буйруду. Азыркы уруштар башталар алдында президент Салех анын бийликтен чегинүүсүнүн шарттары боюнча оппозиция менен мурда макулдашылган келишимге кол коюудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG