Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Йеменде кан төгүүлөр уланууда


Йемендин коргоо министрлиги баш калаа Санаадагы курал-жарак кампасында жардыруу болуп, 28 киши өлгөнүн билдирди. Оппозиция болсо өкмөтчүл күчтөр шаардын бир бөлүгүн аткылашканын, андан 28ден көп киши набыт кеткенин ырастоодо. Анын алдында уруу лидери Садык Ахмардын куралчан адамдары бир катар өкмөттүк мекемелерди, анын ичинде ички иштер министрлигин ээлеп алууга аракеттенишкен. Президент Салехтин каршылаштары менен өкмөттүк армиянын ортосундагы кагылышууларда дүйшөмбүдөн бери 100дөн ашуу киши каза тапты. Кошмо Штаттары Санаадагы элчилигинде саналуу гана кызматкерлерин калтырып, калгандарына жана дипломаттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө өлкөдөн чыгып кетүү буйругун берди. Йеменди 32 жылдан бери башкарып келаткан Салехтин кызматтан кетишин талап кылган демонстрациялар феврал айында башталган.

XS
SM
MD
LG