Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Ратко Младич алгачкы ирет сотто болду


Босниялык сербдердин армиясынын аскерий кылмыштары үчүн айыпталган мурдагы кол башчысы, он алты жыл бою качып жүргөн Младич кечээ камакка алынган. Андан бир нече сааттан соң аскерий кылмыштар боюнча Белграддын сотуна жеткирилди. Бүгүн дарыгерлер Младичтин саламаттыгы боюнча өз тыянагын берери күтүлүүдө. Младичтин адвокатынын айтымында, кечээги жараян анын кардарынын саламаттыгынын начардыгына байланыштуу токтотулган.

Серб бийликтери Младичти эми БУУнун мурдагы Югославия боюнча Гаагадагы трибуналына өткөрүп берүүнү көздөөдө. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Младичтин адвокаттары экстрадицияга каршы арыз берери күтүлгөндүктөн жараян жети күнгө чейин уланышы мүмкүн.

БУУнун трибуналы мурдагы генералды 1992-1995 жылдары Босниядагы согуш учурунда аскерий кылмыштарга барган, жергиликтүү мусулмандарга каршы геноцид жүргүзгөн деп айыптоодо. Сребреница деген шаарда 1995-жылы босниялык мусулман эркектердин жаш-карысын кошкондо 8 миңдейи өлтүрүлгөн. Бул Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин орун алган эң ири кыргын катары эсептелинет. Дүйнө лидерлери Младичтин камакка алынышын кубаттап, серб бийликтерин аны Гаага трибуналына мүмкүн болушунча тез өткөрүп берүүгө чакырышты. Младичтин камакка алынышы Сербиянын Евробиримдикке кошулуу жараянын тездетет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG