Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Башкы прокуратура этникалык жана диний касташууга чакырган аракеттерге көзөмөлдү күчөтүүдө


Башкы прокурор 19-майда жер-жерлердеги прокурорлорго жиберген көрсөтмөсүндө этникалык, диний жана расалык дискриминация жана касташуу фактыларына көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды. Башкы прокуратуранын таркаткан маалыматында ошондой эле борбордук жана жергиликтүү бийлик органдары, кызмат адамдары этникалык, диний касташууларга жол бербөө үчүн кандай чараларды аткарып жатканын байма-бай талдоого жана текшерүүгө алып туруу жөнүндө прокурорлорго тапшырма берилгени айтылат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, миграция, байланыш тармагындагы мамлекеттик органдардын ишине өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. Этникалык, расалык жана диний касташуунун отун үйлөгөн ар бир факт маалымат каражаттарына жана прокуратура органдарына түшөр замат токтоосуз чара көрүү үчүн Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине берилиши керек. Ошондой эле этникалык же диний чыр-чатактарды иликтөө-тергөө иштерине абдан тажрыйбалуу адистерди тартуу жагы да баса белгиленген. (КС)

XS
SM
MD
LG