Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Белградда Младичти колдогон демонстрация өттү


Белграддагы митинг, 29-май, 2011
Белграддагы митинг, 29-май, 2011
Кечээ кечинде көчөгө чыккандар босниялык сербдердин армиясынын мурдагы башчысы, генерал Ратко Младичти Гаагадагы трибуналга өткөрүп берүү чечимине нааразылык билдиришти. Митингди уюштурган улутчулдардын Радикал партиясы азыркы президент Борис Тадичтин өкмөтүн “чыккынчылык” үчүн айыптап, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылды.

Демонстрацияга катышкандардын бири Слободан Бозич: "Ратко Младич – серб элинин аскерий командири. Анын камалганы серб эли үчүн уят иш болду, - деди. - Ал биздин элдик баатыр, ал биздин улутту коргогон. Ошон үчүн биз баарыбыз митингге катышып, Младичти колдошубуз керек".

Демонстрацияга 10 миңдей адам чыкканы айтылууда. Митинг аяктагандан кийин бир топ жерлерде анын катышуучулары менен полиция кагылыша кетти. Айрым кабарларда 100 ашуун адам камалганы айтылууда.

Ратко Младичти өткөн бейшембиде кармашкан. Ал согуш учурунда Сребреница шаарчасында 8000 жакын мусулман эркектерин кырган деп айыпталууда. Келерки аптанын башында аны Гаагадагы аскерий кылмыштар боюнча эл аралык сотко өткөрүп беришет деп күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG