Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

“Кыргызмунайгаз” кызматкерлери Ош-Бишкек жолун тосууга камынууда


Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынынын тургундары жана “Кыргызмунайгаз” ишканасынын кызматкерлери өздөрүнүн талаптары аткарылбаса Ош-Бишкек жолун тосууга даяр экенин айтышууда. Бүгүн 1,5 миңден ашуун адам чогулуп, бийликтен “Кыргызмунайгаздын” тегерегиндеги талаш маселелерди эртерээк чечип берүүнү талап кылышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган ишкананын коомдук байланыш бөлүмүнүн адиси Алмаз Мустапакулов кабарлады. Анын айтымында, Кыргызмунайгаздын” эмгек жамааты башкармалыктын мурдагы жетекчиси Каныбек Масиров кызматтан мыйзамсыз алынды, директорлор кеңеши мыйзамсыз таратылды деп нааразы болушууда.

Митингге чыккандар менен жолуккан облус губернатору Бектур Асанов алардын талабын өкмөткө жеткирүүнү убада кылган. Чогулгандар “Кыргызмунайгаздагы” талаш бир айдан ашуун убактан бери чечилбей келатканын айтып, бийликке нааразы болуушууда. Ушул эле учурда башкармалыктын азыркы жетекчиси Кеңеш Масировдун талапкерлери да митингге чыканы кабарланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG