Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Зулпукаров: ажылык сапарды уюштурууда кыңыр иштер болгон


Ажылык сапар боюнча кыңыр иштерди иликтеп жаткан депутаттык комиссия 30-майда соңку жыйынга чогулду. Комиссиянын мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров былтыркы ажылык сапарды уюштурууда мыйзамсыз иштер жасалганын, азыр ал иштерге кимдердин катыштыгы бар экени иликтенип жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, талкууга президенттик администрациянын башчысы Эмил Каптагаев катышты. Анда өзүн Каптагаевдин жардамчысы деп тааныштырган, ажылык сапарды уюштурууга аралашып жүргөн Бакыт аттуу адам тууралуу сөз болгонун, ал азыр камакта экени маалым болду, дейт Зулпукаров.

Эмил Каптагаевдин Тышкы иштер министрлигинде иштеген уулу
Кубанычбек Каптагаев аны ажылылык сапардагы кыңыр иштерге аралашкан деп айыптап жаткан Борбор Азиядагы мусулмандар конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдинов менен соттошуп атат. (EBM)

XS
SM
MD
LG