Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Йемендин башкалаасында кагылышуулар уланууда


Сана шаарында президент Али Абдалла Салехтин аскер күчтөрү менен оппозициянын катарына өткөн өлкөдөгү эң таасирдүү хашид уруу өкүлдөрү кагылышты.

"Франс Пресс" агенттигинин маалыматы боюнча уруу башчы шейх Садек ал-Ахмар жашаган шаардын түндүк бөлүгүндө бир катар кагылышуулар болду.

Йемендин Коргоо министрлиги өлкөнүн башкаруучу партиясынын кеңсесин аталган уруунун согушкерлери ээлеп алганын билдирди.

Ал эми уруу өкүлдөрү козголоңчулар жергиликтүү башкаруу министрлигин да ээлеп алганын тастыкташты. Азырынча набыт болгондор тууралуу маалымат жок.

XS
SM
MD
LG