Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Испания “ууланган бадыраң” тууралуу маалыматты төгүндөйт


Расмий Мадрид Испаниядан чыккан бадыраң өтө коркунучтуу Е.coli инфекциясынын тарашына себеп болгон деген маалыматты жокко чыгарды.

Аталган инфекциядан Европа өлкөлөрүндө 16, анын ичинде Германияда 14 киши набыт болгону кабарланган.

Испаниянын айыл чарба министри Роса Агилер Германияны "ууланган бадыраңдар Испаниядан келди" деген маалымат боюнча тиешелүү жооп берүүгө чакырды.

Ал ортодо Германия мурда айтылган испаниялык бадыраңдар тууралуу маалымат шек туудуруп жатканын, анткени инфекциянын булагы аныктала электигин айтты.

Ал эми Испаниядан четке жер-жемиш ташууга тыюу салынышы айыл чарбасына аптасына 200 миллион доллар таңкыстык жаратат.

XS
SM
MD
LG