Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

ЮНЕСКО өкүлү кыргыз президентине Сулайман тоо боюнча сертификат тапшырды


Сулайман тоо ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргенине байланыштуу сертификатты бүгүн Ош шаарында ЮНЕСКОнун Борбор Азиядагы өкүлү Сергей Лазерев президент Роза Отунбаевага тапшырды. Сулайман тоо эл аралык уюмдун бул тизмесине 2009-жылы киргизилген болчу. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Алишер Токсонбаевдин айтымында, Отунбаева бул чоң жоопкерчилик экенин белгилеп, элди биримдикке, ынтымакка чакырды. Учурда президент өзү мындан 43 жыл мурда окуп кеткен Киров мектебине барып, классташтары менен жолугууда.

Роза Отунбаева Ошко иш сапары менен бүгүн барган. Маалыматка караганда, мамлекет башчы аймактагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат. Кара-Суу районундагы балдар үйүнүн абалы менен таанышат жана былтыркы коогалаңда жабыркаган Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрынын ачылыш аземине катышмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG